Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 140
Жайыт комитетинин АРИС программасы боюнча техника сатып алуусуна үлүштүк каражат бөлүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АРИС программасы боюнча трактор алуу үчүн жазылган долбоорго өздүк салым үчүн 600 000 ( алты жүз миӊ) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов