Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 141
Мырза-Аке айылынын тургуну Мамытов Рысбайдын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеёешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөржай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылынын Кара-Шоро көчөсүнүн тургуну Мамытов Рысбайдын райондук архитектурадан түзүлгөн менчик турак жайы үчүн чийилген чиймесин бекитип берүүгө уруксат берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов