Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 142
Каныбек Эргешовдун мал базар боюнча арызы боюнча каражат бөлүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке мал базарынын айланасына 10 кв электр линиясын 500 метр аралыкка тартып барууга уруксат берилсин.
2. Электр линиясын тартып жеткирүгө 10 ( он) электр мамычасы айыл өкмөтүнүн бюджетинен алынып берилсин.
3. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү айыл ө кмө түнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов