Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 144
Мырза-Аке айылынын тургуну М.Токторбаевдин балдар үйүн курууга уруксат сураган арызы жөнүндө
Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Токторбаев Мураталинин өз эсебинен , менчик жер тилкесине заманбап проекти боюнча балдар үйүн куруусуна уруксат берилсин.
2. Менчик жер тилкеси турак жай котегориясы жер эсебинде тургандыктан балдар үйү багытындагы курулуш котегориясы жер эсебине өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Суралсын райондук билим берүү ,санитардык–эпидемиологиялык көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу .жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
4. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж. Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов