Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 145
«Акмаанай» балдар бакчасынын башчысы Г.Кулбаеванын арызы боюнча каражат бөлүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылында жаӊы ачылган «Акмаанай» балдар бакчасынын көмүрүнө жана тамак-ашына 275 миӊ 40 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов