Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 147
Мырза-Аке айылынын тургуну Арстанбеков Өмүрбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Арстанбеков Өмүрбектин менчик короосуна коомдук мончо ,бассейн курууга уруксат берилсин.
2. Суралсын санитардык–эпидемиологиялык көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу .жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
3. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов