Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 2
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине ОсОО Аньбанг нефть- газ компаниясынын лицензия кармап туруу үчүн төлөмүнө 9264,8 миң сом 2016-жылдын бюджетинин бекитилген пландан ашычка акча каражатын түшкөндүгү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кашка-Суу айыл аймагынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине пландан ашыкча түшкөн 9264,8 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
Аппаратка - 6684,5 миң сом
Мектепке - 1530,3 миң сом
Бала бакчага - 1050,0 миң сом
Жалпы: 9664,8 миң сом
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Н. Маматаипов |