Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 3
Эски имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ачык-Суу айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин эски имаратын бузууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Ы. Эрмаматов