Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 4
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айылында жайгашкан «Тилекмат-Эшен ата» күмбөзүнүн айланасын тосууга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Тилекмат-Эшен ата» күмбөзүнүн айланасын тосууга 40 (кырк) миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Ы. Эрмаматов