Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 3
Бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 25 269,3 миӊ сом жана чыгаша бөлүгү 25 269,3 миӊ сом менен бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү:
теӊдөөчү гранттар 10 071,2 миӊ сом
жергиликтүү киреше 15 198,1 миӊ сом
Бардыгы 25 269,3 миӊ сом.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү:
аппараттын чыгымдары 10 927,8 миӊ сом
аймактагы орто мектептерге 3 992,6 миӊ сом
балдар бакчаларына 2 753,0 миӊ сом
айылдык клубдарга 1 923,7 миӊ сом
айылдык китепканаларга 583,6 миӊ сом
жарандык коргоо жана өзгөчө
кырдаалдар боюнча иш чаралар 400,0 миӊ сом
- башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр 3 079,6 миӊ сом
- маданият боюнча башка иш- чаралар 800,0 миӊ сом
- башка котегорияларга таандык кылынбаган
- социалдык жөнгө салынбаган маселелер 50,0миӊ сом
- аппараттын атайын каражатына 39,0 миӊ сом
- балдар бакчасынын атайын каражатына 720,0 миӊ сом
Бардыгы – 25 269,3 миӊ сом.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык Кеӊештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Ы. Эрмаматов