Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 91
№ 4 «Келечек» Ясли» балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, «Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу № 4 «Келечек Ясли» балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен 915 578 ( тогуз жүз он беш миӊ, беш жүз жетимиш сегиз ) сом акча каражаты каралып,бөлүнүп берилсин.
2. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов