Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 92
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айына карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айына карата бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе айылдык кеӊешинин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөүнүн бюджетинин 2017-жылдын 9 айына карата киреше-чыгашасы аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен жеткирилген кошумча планга ылайык айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө 1640,0 миӊ сомго төмөндөгү беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1.Ыктыярдуу патент – 400,0 миӊ сом.
2.Айыл чарба багынтында эмес жер салыгына – 140,0 миӊ сом.
3.Сатуудан түшүүчү салык – 220,0 миӊ сом.
4.Роялтиге – 700,0 миӊ сом.
5.Лицензияга – 180,0 миӊ сом, жалпы – 1640,0 миӊ сом.
3. Чыгаша бөлүгүнө: ЖКХ разделинин 3111 беренесине 1330,0 миӊ сом жана 2215 беренесине 310,0 миӊ сом кошумча лимит каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов