Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 93
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2018- жылга бюджетин жана2019-2020–жылдарга карата долбоорун бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айына карата бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2019-2020 жылдарга карата долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеӊешинин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын 9 айына карата киреше-чыгашасы аткарылгандыгы эске алынсын
2. 2018-жылга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар бөлүгү №1,2 тиркемеге ылайык 38923,8 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгүнө КР Каржы Министрлиги тарабынан жеткирилген контролдук цифраларда Лицензияга – 3770,0 миӊ сом негизсиз ашыкча жеткирилгендиги эске алынсын жана жыл ичинде пландан кыскартып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Өзгөн башкармалыгынан суралсын.
4. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019 жылдарга жактырылган болжолдуу корсоткучтору № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
5. 2017-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктан түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан – 50% өлчөмүндө
б) бирдиктүү салык негизинде тушуулөрдөн, ыктыярду жана милдеттүү патент негизиндеги салыктардан жергиликтүү бюджетке – 100% өлчөмүндө
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү бюджеттерине-50% өлчөмүндө
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке – 100% өлчөмүндө белгиленсин.
6. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
7. Мыйзам менен каралган укуктардын чектеринде – жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2016-жылдын 30-ноябрындагы КР Жогорку кеӊеши тарабынан кабыл алынып, мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теӊдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 380,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин арапапапа
9. Айыл өкмөтүнүн 2018-2020 жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттуу медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтык (электр энергия, көмур, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
10. Айыл өкмөтүнүн теӊдөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.
11. Республикалык бюджеттен теӊдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартары белгиленсин.
12. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге ондүрүп алынаары эске алынсын.
13. Казына системасын четтеп отуу менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100%ы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
14. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата 200,0 миӊ сом өлчөмүндө белгиленсин.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов