Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 95
Ырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы Т Джусуповдун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIсессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин депутаттарынын арыз-кайрылуусун (депутаттык-талап) карап талкуулап айылдык Кеӊештин төрагасы Т. Джусуповдун төрагалыктан бошотуу жөнүндө арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы Т. Джусуповдун төрагалыктан бошотуу жөнүндөгү өз арызынын негизинде, аймактык шайлоо комиссиясынан кайрадан төрага шайлоо өткөрүү маселесин карап берүү суралсын.
2. Мыйзам чегинде бул маселени токтоосуз карап берүү борбордук шайлоо комиссиясынын өзгөн районундагы өкүлчүлүгүнө маалымдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А. Келдибековго милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов