Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 100
Атабаев Абдырахманга «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36–беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Атабаев Абдырахманга « Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов