Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 101
Мырза-Аке Тазалык ишканасынын жетекчиси Оосаров Базарбайга кызмат ордун кароо сунушун берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген тазалык ишканасынын алып барган иштерин карап чыгып жетекчисине ишенбөөчүлүк көрсөтүп ,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып,депутаттардын көпчүлүк добушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке Тазалык ишканасынын жетекчиси Оосаров Базарбайдын кызмат ордун кароо сунушу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
2. Бюджет комиссиясы аталган ишкананын ишмердүүлүгүн карап ,талдоо жүргүзүп кезексиз сессияга алып келсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов