Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 102
Мырза-Аке айылынын тургуну Патила Орумбаеванын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл, жер,суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Орумбаева Патиланын менчик үйү Мырза-Аке айылынын башкы планында жок болгондуктан, райондук архитектурадан түзүлгөн схеманы бекитүүгө уруксат берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов