Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 103
Мырза-Аке айылынын тургуну Мурзакулова Гулбаранын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба,өнөр жай ,курулуш, транспорт, байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Мурзакулова Гулбаранын менчик турак үйүнүн жанына кошумча жаӊы турак жай үчүн курулган курулушка Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын жаӊы курулуш үчүн чийилген чиймесин бекитүүгө уруксат берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов