Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын депуттатарынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 23-декабры № 108
Алтын Булак айыл өкмөтүнүн арка курууга 2 метр кв жерге уруксат сураган арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алтын –Булак айыл өкмөтүнүн арка курууга 2 метр кв жер сураган арызы канааттандырылсын.
2. Мырза-Аке айылынын тургундарына тоскоол жаратпаган дэӊгээлде курулуусун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
.
Төрага С. Джусупов