Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын депуттатарынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 23-декабры № 112
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө участкасындагы жерлерди которуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 4,7,9,10,13,25,31, ст жетекчиликке алып жана калктты көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр өндүрүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында «Айыл, жер, суу чарба, өнөржай,курулуш транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасында жайгашкан
Тармал ЖЧК Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2031-жылдын 17-апрелине чейин пайдаланууга аянты 12.3 га ( он эки га үч сотых) гектар жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» котегориясынан «пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери» котегориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасында жайгашкан Тармал ЖЧК Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2031-жылдын 17-апрелине чейин пайдаланууга аянты 12.3 га ( он эки га үч сотых ) гектар жер аянты лицензиясынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2031-жылдын 17-апрелине чейин убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кара-Дөбө участкасында жайгашкан Тармал ЖЧК Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүүчү ишкана төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы салыктын түрлөрүн Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн казынасына төгүүнү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну.
- Берилген жер участкаларына карата экологиялык жана техникалык коопсуздукту, жер казынасын сактоо жана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарындагы ченемдерди жана талаптарды сактоону.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов