Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын депуттатарынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 23-декабры № 114
Коммунист айылынын тургундарынын бала бакча ачуу боюнча арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коммунист айылынын тургуну Жаныбек уулу Кубаттын менчик үйүнө 75 орундуу 3 тайпага ылайык балдар бакчасы ачылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып ,айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райфин бөлүмгө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Суралсын райондук билим берүү, санитардык–эпидемиологиялык көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу .жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
4. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош лблусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов