Загрузка документа…
МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын депуттатарынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 23-декабры № 117
«Айдан плюс» балдар бакчасына эмерек алууга каражат бөлүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Финансы,экономикалык бюджет жана инвестиция» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Айданплюс» балдар бакчасынын эмеректерине 2018-жылга бөлүнгөн переходящий акчанын эсебинен 2018-жылдын I кварталынан каражат бөлүнүп берилсин.
2. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага С. Джусупов