Редакцияот 11.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин VI шайланган I сессиясы

 

2017-жылдын 11-январы № 1-3

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 1 токтомун бекитүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндөгү маселени карап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негизденип депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 1 токтому бекитилсин.

 

Төрага

Б. Ниматова

 

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 11-январы № 1

 

 Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясынын 5-6- пунктына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Баймурзаев Кубанычбек Закирович шайлансын

2.     Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Матиев Кубанычбек Абдыкаарович шайлансын.

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы                                                                                                                                                                                                           К. Баймурзаев