Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы № 1-4
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 4 токтомун бекитүү жана орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негизденип депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айылдык кенешинин търагасын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 4 токтому бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айылдык кенешинин търагасы болуп Назарбаев Кубатбек Төлөнович шайлансын.
3. Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп Алибаев Канатбек Маматураимович шайлансын.
4. Кыргыз-Ата айылдык кенешинин катчысы болуп Азимбаев Атиш Арынович шайлансын.
Төрага | Б. Ниматова |
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы № 4
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча 3-турдун бюллетендеринин жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен айылдык кенештин төрагалыгына талапкер болуп катталган Назарбаев Кубатбек Төлөнович 31 добуш алды деп эсептелинсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы К. Баймурзаев