Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2016-жылдын 11-ноябры № 3
Жардам көрсөтүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Н.Маматаиповко Кашка-Суу айылдык аймагынын тургундары ден соолугуна байланыштуу дарыланууга акча каражатынан жардам сурап жазган арыздары боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын тургундары ден соолугуна байланыштуу дарыланууга акча каражатынан жардам сурап кайрылган төмөндөгү жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 150 миң (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
- Жамилова Айнурга 15,0 сом
- Абдылдаев Зарылбекке 20,0 сом
- Ташанов Нишанбайга 15,0 сом
- Очубеков Акимге 30,0 сом
- Маматажиев Убраимге 20,0 сом
- Тагаева Мунара 15,0 сом
- Исаева Бурма 10,0 сом
- Мамараимова Апида 15,0 сом
- Асанов Конокбай 10,0 сом
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин
бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссия курамына
тапшырылсын.
Төрага | А.Н. Маматаипов |