Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-январы № 2-2
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кожолуктарга караштуу кара малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринар врачтардын кызмат акысынбекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кожолуктарга караштуу кара малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринар врачтардын кызматын бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айыл кенешинин депутаттары тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 токтомуна негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кожолуктарга караштуу кара малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысы айыл өкмөтүнүн бюджетинен берилсин жана ветеринар врачтардын кызмат акысы 30 сом болуп бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы идентификациялоо боюнча иштеген ветеринар кызматкерлердин иштөөсүн өз денгээлинде уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |