Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-февралындагы № 3-1
Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү айыл аймагындагы айылдарда алынган чечимдерди бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга стратегиялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү айыл аймагындагы айылдардан алынган чечимдер өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга стратегиялык планы менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |