Редакцияот 08.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин VI шайланган III сессиясы

 

2017-жылдын 8-февралы № 3-3

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялап, акт аркылуу өткөрүп алуу тууралуу

     “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан Кыргыз-Ата айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин комиссия аркылуу акты менен алуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктуна, 31-беренесинин 17-пунктуна, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 10,13 беренелерине таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынанКыргыз-Ата айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин айыл өкмөтүнүн жерлерин инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссия аркылуу акты менен өткөрүлүп алынсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Назарбаев