Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык болжолдуу программасын айыл Кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |