Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-4
Кыргыз-Ата айыл кенешинин 2017-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө“Кызыр-Ата” СПА сынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017- жылга бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө
“Кызыр-Ата” СПА сынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017- жылга бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндөгүмаселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеӊешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыр-Ата СПА сынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери, 2017- жылга бюджети жана иш планы бекитилсин.
2. Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу Кызыр-Ата СПА сынын кенешинин төрагасы М. Асановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика,бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын
18-февралындагы № 4-4 токтомуна тиркеме
Кызыр – Ата СПА сынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету
Кызыр-Ата СПА сынын 2017-жылдын 1-январына карата ички каналдардын жалпы узундугу 17,05 км. Анын ичинен 5,3 км аралыгы бетон каналдары жана лотоктор, ал эми 11,7 км аралыгын жер каналдары түзүп, 1128 га сугат жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат.
Кыргыз-Ата СПАсы 2016-жылдын жалпы өкүлдөр жыйынында жалпысы болуп 726 800 сомго бюджеттин бекиткен болчу. Анын ичинен райондук суу чарба башкармасына 125 703 сом, эмгек акыга 216 000 сом соц казынага 30 656 сом, административдик чыгым, 23 400 сом, транспорттук чыгымдарга 50 150 сом, ички каналдарды оӊдоого кеткен чыгым бюджет эсебинен 152 800 сом, ашар жолу менен 54 079 сом, мамлекеттик салык кызматына төлөм, 19 656 сом, каралбаган чыгымдарга 51 428 сом, СПАлар союзунун мүчөлүк акысына 2928 сом каралган болчу.
Ал эми 2016-жылында 440 000 сом жыйналып, 67.4 % аткарылып жатат.
№ | Айылдар | План | Факт | Карызы | % |
1 | Кыргыз-Ата | 186420 | 126815 | 59605 | 68 |
2 | Ак-Булак | 201660 | 92938 | 108722 | 46 |
3 | Көтөрмө | 145140 | 77965 | 67175 | 53.7 |
4 | Борко | 143580 | 142282 | 1298 | 99 |
| Жалпы сумма | 676800 | 440000 | 236800 | 65 |
2016-жылдында жыйналган акча каражатын ичинен чыгымдалганы боюнча токтоло кетсек: райондук суу чарба башкармасына 140195 сом, эмгек акыга 138 572 сом, соцфондко 27798 сом, мамлекеттик салык кызматына 26840 сом, транспорттук чыгымдарга 16500 сом, административдик чыгым 18395 сом, ички каналдарды оӊдоого 120 000 сом, СПАлар союзунун мүчөлүк взносуна чыгымдалып, жалпысы болуп 490 000 сомду түзгөн. Мамлекеттик салык кызматынан жана соцфондон болгон карыздарыбыз 2017-жылдын 1-январына карата жок.
Анын ичинен Кыргыз-Ата СПАсы райондук суу чарба башкармасы меенен 2016-жылына 125 703 сом, келишим түзүп, жыл ичинде 4 млн 693мий лт же болобосо 140 195 сомдук суу алынып, 140 195 сом төлөндү. 2017-жылдын 1-январына карата Кыргыз-Ата СПАсы суудан карызы жок болуп чыгып жатат.
Ички каналдарды оӊдоого кеткен 120 000 сом ичинен Шамай каналына 2 даана дарбаза кайра калыбына келтирили жана ошол эле каналдын ага кеткен чыгым 18 000 сом, ошол эле Шамай каналыны Токмок-Булак сел канасын 8 жолу техниканын жардамы менен тазалап ага кеткен чыгым 24 000 сомду түзгөн. Сөгөт каналынын Токмок-Булакка кеткен арыктын ичин техниканын жардамы менен тазалап ага кеткен чыгым 6000 сомду түзгөн. Кыргыз-Ата айылынын Күнгөй арыгына техниканын жардамы менен 350 метр жерди тазалап ага кеткен чыгым 8000 сомду түзгөн. Борко 1, Борко 2 суу бөлүштүрүүчү жерлерин калыбана келтирүү үчүн кеткен чыгым 5000 сом түзгөн. Шамай каналынын жанына суу ашырбоо үчүн техниканын жардамы менен 60 камаз шагыл төгүлдү. 2017-жылы Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Сөгөт латогуна 200 000 сом, Борко арыгына 60 000 сом, Борко завирин тазалоого 150 000 сом, Күнгөй арыгын тазалоого 60 000 сом жалпысы болуп 470 000 сом каралды. Грант эсебинен 50 000 сом акча каражаты каралды.
Кызыр-Ата СПА сынын төрагасы М. Асанов