Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-5
Кыргыз-Ата айыл аймагында пайдаланылып жаткан таза суунун тарифтик баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагында пайдаланылып жаткан таза суунун тарифтик баасын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Азанур” ЖЧК менен келишим түзүлсүн.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы таза суу пайдалануучулардын 2017-жылдын 15-февралындагы чогулушунун чечимине негиз “Азанур” ЖЧК сунуштаган суу пайдалануу үчүн төлөнүүчү суу акысы бекитилсин.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагында пайдаланылып жаткан таза суунун тарифтик баасы менен иш алып баруу “Азанур”ЖЧК ишканасынын жетекчиси Абабакиров Абдисаламга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К. Назарбаев |