Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-6
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштандыларды ташууда алынуучу жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштандыларды ташууда алынуучужыйымдын өлчөмүн бекитүүжөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2-14 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында таштандыларды ташуудан алынуучу жыйымдын өлчөмү 100 сом болуп бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштандыларды ташууда алынуучу жыйымды бекитилген өлчөмгө ылайык жыйноо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |