Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-7
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы негизги жолдордогу тосулуп калган тротуарларды ачуу жөнүндө
Айыл аймагындагы негизги жолдордогу тротуарга тиешелүү жерлерди ачып, жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз шарт түзүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынан түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы негизги жолдордогу тротуарга тиешелүү жерлер ачылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы негизги жолдордогу тротуарга тиешелүү жерге курулуп калган курулуштарды бузуу, тосмолорду ачуу жана бак-дарактарды кыюу боюнча тиешелүү мекемелерден корутунду алып иш алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К. Назарбаев |