Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-8
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы Токмок Булак көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Азимбаев Арындын атын коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы Токмок Булак көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Азимбаев Арындын атын коюу жөнүндөгүмаселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 15-февралындагы жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы Токмок Булак көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Азимбаев Арындын атын коюу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 15-февралындагы жалпы жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы Токмок Булак көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Азимбаев Арындын атын коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |