КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин VI шайланган VI сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 4-10
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну Темиров Жанибектин бөйрөгүнө чет өлкөдөн операция боло тургандыгына байланыштуу акчалай колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну Темиров Жанибектин бөйрөгүнө чет өлкөдөн операция боло тургандыгына байланыштуу акчалай колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүчүн карап чыгып туруктуу комиссиянын берген корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын тургуну Кыргыз-Ата айылынын тургуну Темиров Жанибектин бөйрөгүнө чет өлкөдөн операция боло тургандыгына байланыштуу акчалай колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Темиров Жанибекти жардам үчүн акча каражаты менен камсыз кылуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, салык жана ишмердүүлүгүн колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |