Редакцияот 18.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин VI шайланган VI сессиясы

 

2017-жылдын 18-февралы № 4-11

Көтөрмө айылынын тургуну Ташиев Абдыкапардын кызы Төлөнова Хадиче Абдыкапаровнанынжүрөгүнө операция боло тургандыгына байланыштуу акчалай колдоо көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын тургуну Ташиев Абдыкапардын кызы Төлөнова Хадиче Абдыкапаровнанын жүрөгүнө операция боло тургандыгына байланыштуу акчалай колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүчүн карап чыгып туруктуу комиссиянын берген

корутундусуна, КыргызРеспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын тургуну Ташиев Абдыкапардын кызы Төлөнова Хадиче Абдыкапаровнанын жүрөгүнө операция боло тургандыгына байланыштуу акчалай колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылсын.

2.    Төлөнова Хадиче Абдыкапаровнаны жардам үчүн акча каражаты менен камсыз кылуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет, салык жана ишмердүүлүгүн колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Назарбаев