Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 4-13
Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы элдин үлүшүнө берилген кайрак айдоо жана чөп чабындыга жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2- пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы элдин үлүшүнө берилген кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизүүгө тыюу салынсын.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш участкасындагы элдин үлүшүнө берилген кайрак айдоо жана чөп чабындыга жанаша жайгашкан жайытка жазгы жайыт үчүн мал киргизбөө чараларын көрүү Кыргыз-Атаайыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик,жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |