Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-июлу № 25-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Таза Суу”долбоорунда каралган жер алдындагы сууларды чыгаруучу скважиналарга,суу топтоочукурулмаларга жана суу өткөрүүчү түтүктөргө тишелүү болгон жер аянтын тандап жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынан “Таза Суу” долбоорунда каралган жер алдындагы сууларды чыгаруучу скважиналарга , суу топтоочу курулмаларга жана суу өткөрүүчү түтүктөргө тишелүү болгон “Энкон ЖЧК” тарабынан алдын ала тандалган жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 13 жана 27- беренелерине негиз Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында“Таза Суу” долбоорун ишке ашыруу үчүн каралып жаткан жер алдындагы сууларды чыгаруучу скважиналарга, суу топтоочу курулмаларга жана суу өткөрүүчү түтүктөргө тишелүү болгон жер аянттарын атайын ыйгарым укуктуу органдардын макулдугу менен жер аянтын тандап , ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынан “Таза Суу” долбоорунда каралган жер алдындагы сууларды чыгаруучу скважиналарга , суу топтоочу курулмаларга жана суу өткөрүүчү түтүктөргө тишелүү болгон тандалган жер аянтын трансформациялоого тиешелүү документтерин даярдоо жана жогорку органдарга жөнөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Атайын ыйгарым укуктуу органдарга жерди трансформациялоого сунуш берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | С. Турдуев |