Редакцияот 09.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 9-июлу № 25-2

 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  “Нуржалын” коомдук фондунун тоскон жайыт жерине сууну көп талап кылуучу мөмөлүү дарактарды эгүүгө тыюу салуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Нуржалын” коомдук фондунун тоскон жайыт жерине сууну көп талап кылуучу мөмөлүү дарактарды эгүүгө тыюу салуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2- пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Нуржалын” коомдук фондунун тоскон жайыт жерине жер көчкү коопсуздугун алдын алуу максатында сууну көп талап кылуучу мөмөлүү дарактарды эгүүгө тыюу салынсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Турдуев