Редакцияот 09.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 9-июлу № 25-3

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угупугуп Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 13 жана 27- беренелерине негиз Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат куруу үчүн балдар бакчасына караштуу жерденжер аянтын ажыратууга уруксат берилсин.

2.    Балдар бакчасына кошумча имарат куруу иштерине тишелүү болгон кагаз иштерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Турдуев