Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 28-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылдын 9 айында аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2016-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2016-жылдын 9 айында аткарган иштери эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүгүү планы боюнча иш чараларды өз убагында аткаруу аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |