Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 28-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9 айынын жыйынтыгы менен 2016-жылдын 19- февралындагы № 23-2 токтомуна өзгөртүүлөрдө киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 2016-жылдын 1-октябрына карата кошумча киреше катары түшкөн жана 9 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акчаны Кыргыз-Ата айылдык кенешинин “Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо“ боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен транспорт салыгына 350 000 сом, айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу салыгы 100 000 сом, ыктыярдуу патент 76 000 сом, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо акы 60 000 сом баары болуп 586 000 сом акча каражаты кошумча киреше катары түшкөндүгү жана 9 айдын жыйынтыгы менен 758 300 сом суммасында акча каражаты үнөмдөлгөндүгү белгиленсин.
2. 2016-жылдын жыйынтыгында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө келип түшкөн 586 000 сом жана үнөмдөлгөн 758 300 сом акча каражаты № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мариповго жана ФЭБ башчысы И. Турдуевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |