Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 28-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги обьектилердин реестрин, муниципалдык менчиктеги обьектилерин, анын ичинде жер участкаларын сатуунун программасын, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага берүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги обьектилердин реестрин, муниципалдык менчиктеги обьектилерин, анын ичинде жер участкаларын сатуунун программасын, кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага берүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндөгү маселени туруктуу комиссиядакарап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги обьектилердин реестрин бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги обьектилердин, анын ичинде жер участкаларын сатуунун программасы бекитилсин.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк обьектилерин ижарага берүүнүн эрежесин бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |