Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 28-6
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Курак-Тектир орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Курак- Тектир орто мектебинин эмгек жамаатынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Курак-Тектир орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Курак- Тектир орто мектебинин эмгек жамаатынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы жалпы чогулушунун протоколун карап чыгып, депутаттардын ой пикирин, сунушун угуп,Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 13- беренесине таянып депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Курак-Тектир орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Курак-Тектир орто мектебинин эмгек жамаатынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Курак-Тектир орто мектебинин атын коомдук ишмер Абдыразакова Сурма атындагы орто мектеби деп өзгөртүүгө макулдук берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Курак-Тектир орто мектебинин атын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин .
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |