Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 28-7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык –экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Көтөрмө-Нур”балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатынажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык –экономикалык өнүгүү стратегиялык планында айыл өкмөтүндөгү “Көтөрмө-Нур”балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо пландаштырылгандыктан, бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымына кошуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү “Көтөрмө-Нур”балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. “Көтөрмө-Нур”балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300 000 (эки жүз элүү мин) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |