Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 16/3
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңешинин 2018-жылдын атайын каражаты боюнча бюджетин кароо жөнүндө
2018-жылы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнөкараштуу №18 балдар бакчасына ата-энелердин мүчөлүк акыларынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгүн эске алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтү боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы 480.0 миң сомго бекитилсин.
2. Жыл ичинде ата-энелердин мүчөлүк акысы сметада каралган суммадан ашыкча киреше тушсө,кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө иштетүүгөуруксат берүүжагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун башчысы А.Азимжановго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жээналиев |