Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 16/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 2018-жылдын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 .Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 2802051 сом акча каражатын 2018-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин .
2.Айылдык Кеңештин заседаниесинде талкууланып 2802051 сом акча каражаты 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча сметасына
киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет комитетинин торагасы Т.Кайназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жээналиев |