Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 16/5
Айылдык Кенештине 2018-жылга кварталдарга түзулгөн перспективалык иш планды бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 4 бөлүгүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык Кенештин 2018-жылга кварталдарга түзулгөн перспективалык иш планы бекитилсин. (тиркелет)
2. Перспективалык иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышына жетишүү айылдык кенештин төрагасына жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |
“БЕКИТЕМ”
Конур-Добо айылдык Кенешинин
төрагасы:- С.Жээналиев.
Конур-Дөбө айылдык Кенешинин 2018-жылга перспективалык кварталына тузулгон
ИШ ПЛАНЫ
I.Квартал. Он жетинчи отурумунда
1.2018-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өз мөөнөтүндө,сапаттуу өткөрүүдө,жазгы айдоо,себуу,минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууда, айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана а/башчылардын жургузуп жаткан иштери жонундо
2018-жыл Айылдык Кенештин
Март,апрель айы туруктуу комиссиясы
2..Өкмөттүн аймагындагы жалпы билим берүүчү М.Ташиев,Арпа-Тектир мектептеринде КР «Билим беруу жонундо» Мыйзамын турмушка ашырууда мугалимдердин жана окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча аткарып жаткан иштери жонундо.
2018-жыл Айылдык Кенештин
Март,апрель айы туруктуу комиссиясы
II.Квартал. Он сегизинчи отурумунда.
1.КР Мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк пулдардын, женилдиктердин жана пенсиялардын оз убагында төлөнүшүндө, соц.инспектордун,соц.кызматкердин,байланыш кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
2018жыл Айылдык Кенештин
Июнь айы туруктуу комиссиясы
2.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында,айыл өкмөтүнүн салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө.
2018-жыл Айылдык Кенештин
Июнь айы туруктуу комиссиясы
III.Квартал. Он тогузунчу отурумунда.
1. Айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган Коомдук алдын алуу борборунун жыл ичинде журугузуп жаткан иштерин кароо жөнүндө.
2018-жыл Айылдык Кенештин
Сентябрь айы туруктуу комиссиясы
2.Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде жургузулгон иштери боюнча, айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө.
2018-жыл Айылдык Кенештин
Сентябрь айы туруктуу комиссиясы
IV.Квартал Жыйырманчы отурумунда.
1. Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө.
2018-жыл Айылдык Кенештин
Декабрь айы туруктуу комиссиясы
2.Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга социалдык-экономикалык пландын аткарылышы 2019-жылга социалдык-экономикалык планды бекитүү жөнүндө.
2018-жыл Айылдык Кенештин
Декабрь айы туруктуу комиссиясы.
Конур-Дөбө айылдык Кенешинин жооптуу катчысы М. Анарбаева