Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 17/2
Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 6 бөлүмүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету канаттандыраалык деп табылсын. (тиркелет)
2. Айыл өкмөттүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринде айрым кемчилдиктер орун алгандыгын жоюу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине жүктөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановдун
ОТЧЕТУ
Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары!
Айыл өкмөтүндө 2017-жылы иш пландын жана өнүгүү пландын негизинде иш жүргүзүлдү.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө 16 жооптуу кызматкерлер эмгектенет. Алардын 6 жогорку билимдүү, 6 атайын орто жана 4 жалпы орто билимдүү.
Айыл өкмөттө 5 айыл бар..Анда 2018-жылга кожолук 1532, 6038 адам жашайт.Алардын ичинен эркектер 3028 аялдар 3010 , мектепке чейинки балдар 1232,мектеп жашындагылар 1189. Эмгекке жарамдуу калктын саны 2711,пенсия жашындагылар 495,айыл өкмөт боюнча согуштун катышуучулары 1, майыбы 0, баатыр энелер 94, тылда эмгек кылгандар 8, тоголок жетимдер 1, бала кезинен майыптар 52, эмгек майыптары 105,аскер үй бүлөлөрү 5, көзү азиз,кулагы укпагандар 22, мүмкүнчүлугү чектелген 18 жашка чейинки балдар 8, 90 жаштан 100 жашка чейинкилер 13, 80-90 жашка чейинкилер 80, учук оорусу менен ооругандар 10, ДЦП да 2.Айыл өкмөтү боюнча жалгыз бой карыялар 10.
2017-жылы жакырчылыкты анализдөөдө 860 үй бүлөлөргө социалдык паспорт толтурулуп, анын негизинде кирешеси 0-900 сомго чейинки үй бүлөөдө 206, кирешеси 901-1421 сомго чейинки үй бүлөлөр 359,кирешеси 1421-2596 сомго чейинки үй бүлөлөр 180.
Айыл өкмөттө 2017-жылдын жыл ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды. Ачыгыраак айтканда жогорку органдардан 430 кат келген, анын ичинен токтомдор 33,буйруктар 127,билдирүүлө 237, администрациянын аппаратынын протоколдору 29 келип түшкөн.Алар өз убагында реализация болуп , аткарылышы боюнча райондук мамлекеттик администрацияга маалыматтар жөнөтүлүп турду.Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде ичинде 60 отурумк өткөрүлүп 101 маселе талкууланып каралган.2017-жылдын жыл ичинде жазуу жүзүндө
-2-
67 атуулдан арыз түшүп, арыз ээлерине убагында кат жүзүндө жооп берилип турду.
Ал эми 2017-жылдын жыл ичинде 120 бала төрөлүп, 24 адам кайтыш болду. Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө 68 адам учеттон чыгып кетишип, 44 адам учетко келип турушкан.Ал эми учеттон чыкпайиштеп жүргөндөрдүн саны 184 адам.
Ошондой эле айыл өкмөтүндө каттоодо турган аскерге жарактуулардын саны 725, альтернативалык кызмат өтөгөндөрдүн саны 37, бүгүнкү күндө альтернативага төгүлгөн акча 2017-жылга планда 444,0 миң сом болсо, төгүлгөнү 511миң 326сом төгүлүп, башкача айтканда 137миң 326 сом ашыкча төгүлгөн.Себеби 1,5 жылга кызмат өтөй турган болсо мөөнөтү жеткенге чейин төгүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин атайын буйруктарынын негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын убагында болтурбоо, бөгөт коюу максатында атайын категориядагы жарандардын үстүнөн профилактикалык каттоо жүргүзүлүп, тийиштүү иш алып барылат. Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борбору бүгүнкү күндө участкалык инспектор менен биргеликте иш жүргүзүп, айылдарда коомдук тартипти сактоо боюнча элдик кошундар уюшулган.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 1 маданият үйү, 2 мектеп, ;18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2 ФАП иштеп жатат.Эки мектепте 735 окуучу, 89 мугалим билим берип , 24 техникалык кызматкер эмгектенишет. 2017-2018-окуу жаңы жылына мектептерди даярдоо максатында ички, тышкы ремонтуна республикалык бюджеттен 95,7 миң сом,№ 18 балдар бакчасына 35,0 миң сом келип түшүп, иштетилген.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен айыл өкмөтүнүн администрациясына , эки мектепке, №18 м.ч.б.б. мекемесине интернет түйүндөрү туташтыруу үчүн 229,0 миң сом ,ал эми эки мектепке интеративдүү доскаларды алуу үчүн 120,6 миң сом жумшалган.
Курманжан Датка 200, Арпа-Тектинр эмканаларында 10 кызматкер эмгектенет. Алар бүгүнкү күндө кургак учук, сарык, кызамык ооруларына каршы эмдөөлөдү
-3-
Жүргүзүп турушат. 2017-жылы жыл ичинде Курманжан Датка 200 эмканасында 1 жашка чейинки 1 баланын өлүмү катталган.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө 2 китепкана иштейт. Алардын китептерин ондоо, концелярдык товарлары учүн 10,0 миң сом бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө китепканаларда маданий массалык иштерди жүргүзүүдө, эки айылда китепканаларда маданий массалык иштерди жүргузүүдө, эки айылда китеп мүмкүнчүлүүгү чектелге балдар менен “Күн баарыбызга бирдей тиет” –деген темада жолуугушу кече өткөрүлүп сый тамактар жана белектер берилди.
Арпа-Тектир айылындагы маданият үйүн Абдубап уулу Мурат жетектейт, Маданият үйүндө ар кандай даталуу күндөрү концерттик программалар өткөрүлүп турат.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн атуулдарына сапаттуу үрөөндөрдү колдонуу жагын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Райондук департамент аркылуу, көп жылдык үрөөн үчүн сапаттуу беде урук, арпа,эспартцептер кымбат баада келгендигине байланыштуу дыйкандар баш тартышкан.
Кара-Шоро айылынын тургуну Азимбаева Дөөлаткан,Боз-Караган айылынын тургуну Сатыбаев Мамасали узуну 8 метр,туурасы 4 метр келген күнөсканаларды курушуп,бүгүнкү күндө жашылчалар өстүрүлүп элге сатылууда.
Өкмөтүн аймагына жазгы талаа иштери боюнча жолдордун боюна жана бактарга 2000 ар түрдүү көчөтөр эгилди.Өкмөттүн тургундарына сугат суу апрель айынан бери үзгүлтүксүз берилип келүүдө. 8км ички арыктар тазаланган, сугат суу 4 айылга жеткирилген, кезек менен сугарышат.Савай жана Күңгөй каналдар райондук суу чарба башкармалыгы менен бирдикте тазаланган.Упа –Жар,Кызыл-Ой участкаларына электр энергиясы менен толук кандуу камсыз кылуу үчүн Алай телекомдон 20 даана стобага акча каражат төлөнүп берилген. Ал эми КТП алмаштыруу үчүн Алай РЭС өзүнө жоопкерчиликти алган.Ошондой эле 2017-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Ассамблеясы тарабынан Арпа-Тектир айылына Таза суу чыгаруу үчүн 300,0 миң сомдук материал алып берген.Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев тарабынан да 100,0 миң сом акча берилген.Ал эми Ош облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн ушул эле айылга таза суу үчүн 50,0 миң накталай акча
-4-
Берилген. Жар-Кыштак айылынын тургундары өздүк салымы 47,0 миң сом акча топтошуп Кайкы участкасындагы көчкү түшкөн жолду, башкача айтканда 60 метрге жеткен жол ачышкан.
Айыл өкмөтүндө эки согуштун ардагерлери бар. Кара-Шоро айылынын пенсионери, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Боронов Доолат, Боз-Караган айылынын пенсионери, Улуу Ата Мекендик Согуштун майыбы Ташанов Сатыбалдыларга 9-май Жениш күнүнө карата өкмөт тарабынан беш мин сомдон акча каражаты берилип, райондогу Бообек ресторанында сыйланышты. Баардыгы болуп 10,0 миң сом акча керектелди.Ошондой эле ушул даталуу күнү тылда эмгектенгендерге 15миң,6 сомдук акча каражаттар каралып иштетилген. Жалпысы айыл өкмөт боюнча 25.6 миң сом жумшалды. Андан тышкары мектеп окуучалыр тарабынан үйлөрүнө барып жардам көрсөтүлүп турат.
2017-жылдын жыл ичинде айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджетинин эсебинен төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
Административдик имараттын ремонтуна 9,5 миң сом.
№18 балдар бакчасына 30 орундуу ашкана куруу үчүн 209,5 миң сом.
Суу түтүктөрүн ремонттон өткөрүүгө 474,6 миң сом.
Айыл аймагына кире беришиндеги көрнөк-тактаны жанылоого 43,6 миң сом.
М.Ташиев атындагы орто мектебинин тосмосун жанылоо (72 м)-255,9 миң сом.
Ички жолдорго шагыл төшөө-130,2 миң сом.
№18 балдар бакчасына кошумча инвентар алуу үчүн 39,7 миң сом.
Боз-Караган айылындагы КТПны ремонттоп, РЭСтин балансасына өткөрүү үчүн 12,4 мин сом.
15-февраль Афганчылардын күнүнө карата 3 афган согушунун катышуучуларына 2000 сомдон жалпы 6000 сом акча бөлүнүп берилди.
8-Март аялдардын Эл аралык күнүнө карата айыл өкмөтүнөн №18 буйрук чыгып буйруктун негизинде бир топ иш –чаралар аткарылды.Айыл өкмөтү тарабынан 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата 25,0 миң сом акча каражаты каралды. 13
-5-
Ишкер аялдар районго барып сыйланды. Ошондой эле Баатыр энелерден 31 аял айыл өкмөтү тарабынан белек берилип,концерттик оюн -зоок программалар тартууланды. Бардык суммасы 25,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
21-Март Нооруз майрамына карата айыл өкмөтүнөн буйрук чыгып буйруктун негизинде 35,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. М.Ташиев мектебинде төрт кыргыз үй тигилип ,жамаатар аралык оюн –зоок конкурстар болуп Нооруз майрамы жогорку деңгээлде өттү.Улуттук тамак –аш тардын ,спорттук оюндардын, ууздардын көргөзмөлөрү болуп өттү жана байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар берилди.М.Ташиев орто мектебинен республикалык олимпиадага барып 1-орунду алып келген 10-класстын окуучусу Тынарбек кызы Нуризага 5000 сом акча жол акысы айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөнүп берилген.
2017-жылдын май айынын учүнчү жумалыгында 19- майда айыл өкмөтүнөн №19 буйрук чыгып Энелер күнү өткөрүлүп иш чаралар түзүлүп иш чаранын негизинде бир топ иштер аткарылды.
Айыл өкмөтүнө эмгеги сиңген .кадыр барктуу .көп жыл иштеп пенсияда эсалып жүргөн көп балалуу 30 эне чакырылып белектер таркатылып .сы й- тамак .концерттик программалар тартууланды. Баардыгы болуп 18 000(он сегиз миң сом ) акча сарпталды.
25–май “Акыркы конгуроо “ салтанаттуу аземи жогорку денгээлде өттү эң мыкт ы мугалимдер .окуучулар айыл өкмөтү тарабынан граматалар менен стипендиялар менен сыйланды .Азимжанов Асилбек 22 окуучуга ар бирине 100 сомдон стипендия таркатты .демөорчүлөр тарабынан да акчалай сыйлыктар белектер таркатылды.
1- Июнь “Балдарды коргоо күнүнө” карата “ Нур тамчы “коому тарабынан районго 12 жакыр уй бүлөөнүн балдары жана жарым жетим балдар алынып барылып концерттик оюн – зоок программалар .сый –тамактар тартууланып белектер берилди .
Айыл өкмөтү тарабынан № 31 буйрук чыгып . иш чаралар . уюштуруу топтору тузулдү .
-6-
1-Июнь “Балдарды коргоо күнүнө карата “№ 18 мектепке чейинки балдар бакчасына 5 000(беш миң) сомдук оюнчуктар алынып берилди.
Айыл өкмөтүндөгү жарым жетим .майып балдарга жана жакыр үй – бүлөөлөрдүн балдарына 34 балага оюнчуктар жана белектер таркатылды баардыгы болуп 26 000(жыйырма алты миң ) сом акча каражаты сарпталды/
31-август Эгемендүүлүк күнүнө 26 жылдык майрамына карата айыл окмөтүнөн № 56 буйругу чыгып буйруктун негизинде бир топ иштер аткарылды.Эгемендүүлүк күнүнө карата .Эгемендүүлүк күнүнө карата 30,0 миң сом акча каражаты каралып , айыл чарбасы боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп ,өздүк көркөм чыгармачылыкка жана спорттук оюндарга активдүү катышкан атуулдарга 500 – 2 000 сомго чейин акчалай сыйлыктар берилди.
1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Конур-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан №65 буйругу чыгып ,буйруктун негизинде бир топ иштер аткарылды.
Айыл өкмөтүндө улгайган карыяларга 365 сомдук белектер таркатылып ,айыл өкмөтүнө чакырылып ,сый тамактар берилди.Баардык суммасы 30 ,0 (отуз миң ) сом акча каражаты сарпталды.
2- октябрь улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Нур тамчы коому тарабынан 10 жалгыз бой карыялар районго чакырылып концерттик программалар тартууланып,ыссык тамак – аш ,белектер таркатылды.
Алай райондук социалдык камсыздоо бөлүмү тарабынан Кел-Кел кофесине төрт улгайган аксакалдар алынып барылып сый көрсөтүлдү.
5- октябрь мугалимдер күнүнө карата айыл өкмөтүнөн № 67 буйругу чыгып , айыл өкмөтүнөн 10,0 миң сом акча каралды.
Айыл өкмөтүндөгү кургак учук менен ооруган 11 атуулга 1800 сомдон дарыланганга акча каражаты каралып ,таркатылды баардык суммасы 20,0 (жыйырма миң ) сом акча каражаты сарпталды.
“3- декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата “ айыл өкмөтүнөн 2017-ж.07.12. № 208 буйругу чыгып буйруктун негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга колдоолорду көрсөтүү боюнча бир айлык жарыяланып айыл өкмөтүндөгү
-7-
Майыптарды маралдык жактан колдоолор менен биргеликте бир топ иштер жүргүзүлдү.
Айыл өкмөтүнө 50 атуул чакырылып белектер таркатылып, ыссык тамактар ,концерттик оюн –зоок программалары тартууланды .Баардык суммасы 25,0 (жыйырма беш миң) сомду түздү .
Кара –Шоро айылынын тургуну Үмөталиева Кулпунай ЮЗОФ Ош коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган 18 жаштан 30 жашка чейин жаштарды колдоо программасынын алкагында өткөрүлгөн конкурс сынакта жеңип чыгып 51 500 сомдук сертификатка ээ болду жакынкы убактан бери ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.
Айыл өкмөтүндо эмгектенип жаткан финансистерге майрамына карата айыл өкмөтүнөн № 96 буйрук чыгып 4 400 сом акча каражаты каралды .
Коңур –Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы М.Ташиев ,Арпа-Тектир орто мектептериндеги “Өзгөчө күбөлүк” менен аяктаган жана областтык олимпиадада алдыңкы орундарга татыган окуучуларды райондо уюштурулган Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын Жаңы жылдык балатысына жөнөтүү жөнүндө № 98 буйрук чыгып буйруктун негизинде тоголок жетим .жарым жетим . жакыр .майып үй бүлөөлордүн 10 балдардын тизмелери такталып даярдалды.
Коңур –Дөбө айыл өкмөтүнүнүн аймагында жаңы –жылга маданий - массалык иш чараларды жана оюн – зоокторду өткөрүү максатында мектептерге, бала бакчаларга белектерди жасалгалоо ,жаңы –жылдык салтанаттарды уюштуруу боюнча айыл өкмөтүнөн № 97 буйругу чыгып буйруктун негизинде уюштуруу тобунун курамы тузүлүп иш –чаралар аткарылууда баардык суммасы 20 .0 ( жыйырма миң ) сом акча каражаты каралган .
Ошондой эле аз камсыз болгон жалгыз бойлорго,УМАСтын катышуучуларына мектептердеги ,Семетей ,Сейтек уюмдары күндөлүк тиричиликтерине жардамдашып, жазында огороддорун тазалап ,үйлөрүн актап колдон келген жардамдарын беришүүдө.
-8-
Айыл өкмөтүндөгнү элдердин малдарын эмдөө боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыктар болду.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдарды сандан сапатка өтүү боюнча жакшы жолго коюлган Айыл өкмөтүндөгү ветсервистин башчысы Бегматов Базарбек аркылуу быйылкы жылы 25 баш кара малга жасалма уруктандыруу жасалган.
Өкмөттүн аймагындагы элдердин мал-жандыктарын квартал сайын эмдөолөр өткөрүлүп турат.
Ийри мүйүздүү малдар боюнча эмдөөлөр:
Айылдын аталышы | Шарп (баш) | Сибир | Кара сан | Мите куртка каршы | Бруцеллез го кан алуу | Башка ооруларга каршы |
Боз-Караган | 608 | 608 | 395 | 410 | 245 | 205 |
Кара-Шоро | 572 | 572 | 305 | 395 | 255 | 107 |
Жар-Кыштак | 215 | 215 | 120 | 55 | 50 | 56 |
Арпа-Тектир | 785 | 785 | 415 | 485 | 450 | 203 |
Кызыл-Ой | 185 | 185 | 95 | 35 | 30 | 34 |
Бардыгы: | 2365 | 2365 | 1310 | 1380 | 1030 | 555 |
Жылкылар боюнча:
Сибир кулгунасына каршы эмдөө- 1507 баш
Сакоого каршы эмдөө- 1403
Мите куртка каршы- 1305 баш.
Кой-эчкилер боюнча:
Сибир кулгунасына каршы эмдөө -5040 баш.
Оспага каршы эмдөө -2010 баш
Кара өпкөгө каршы эмдөө -2850 баш
Ит –мышыктар боюнча эхинококкозго каршы 581 итке дары берилип турат, квартал сайын. Айыл өкмөт боюнча 13 ит-мышыктар атылды.
-9-
Айыл өкмөтүнүн талаачылык боюнча өндүрүлгөн айыл чарба продукциялар:
Айыл чарба продукциялары | 2016-жылга факт | 2017-жылга факт | Аткарылган % |
Жалпы дан ц. | 939,3 | 367,8 | 39,0 |
Картошка ц. | 7500,0 | 8542,0 | 113,8 |
Жашылча ц. | 2088,0 | 2090,1 | 100,1 |
Мөмө-жемиш | 735,5 | 792,5 | 107,7 |
Продукцияларды өндүрүү жана иштетүү:
Айыл чарба продукциялары | 2016-жыл факт | 2017-жыл 12 ай факт | Аткарылганы % |
Эт т. | 684,5 | 692,1 | 101,1 |
Сүт т. | 1799,5 | 1854,1 | 103,0 |
Жүң т. | 22,2 | 22,5 | 101,3 |
Жумуртка м.д. | 304,5 | 308,7 | 101,3 |
2017-жылда айдап себүү боюнча :
Арпа - 30 га
Жүгөрү - 55 га
Жашылча - 36 га
Картошка - 500 га
Көп жылдык чөп - 292 га
Бир жылдык чөп -30 га жер аянты айдалып иштетилди.
Айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча токтолсом:
2017-жыл ичинде бюджеттик план 7496,7 миң сомго аткарылган.Айыл өкмөт боюнча салык чогултуу 2017-жылда план боюнча 1915,5 миң берилген болсо, жыл ичинде фактический аткарылганы 2153,5 мин сом же болбосо 112,4 пайызга аткарылган, анын ичинен:
Физикалык жер салыгынын планы 73,5 факт,74,4-101,2 пайызга
Юридикалык жер салыгынын планы 64,0, факт 115,2- 180,0 пайызга
Айыл чарбасына арналган планы13,6 факт 13,6-100,0 пайызга
Транспорт каражаттарынын салыгы 120,0, факт 202,3-168,5 пайызга
-10-
Патенттин негизинде под.салыгы 28,0, факт 56,5 – 201.7 пайызга
Под.налог план 716,0, факт 644,2- 89,9 пайызга
Ата энелер взнос план 480,0, факт- 404,1 – 84,1 пайызга
ФПС план 16,0 , факт 38,6 -241,2 пайызга аткарылган.
Айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарыла турган иштери:
1.Кара-Шоро айылындагы №18 балдар бакчага кошумча 30 орундуу ашкананын имаратын тургузуу (Республикалык бюджет)
2.Эки жаңы жумуш орундарын түзүү,жумушсуздуктун санын азайтуу.
3.Калктын дебитордук карыздарын кыскартуу жана электр энергиясын пайдалануу,үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
4.Райондук токойчулугу менен биргеликте айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын коопту жерлерине 500 көчөт отургузуу .
5.Арпа-Тектир,Кызыл-Ой,Жар-Кыштак айылдарына күнөс каналарды куруу,жеке ишкерлерге арзан кридит алуусуна көмөк көрсөтүү.
6.Айыл өкмөтүндө жасалма жол менен уруктандыруучу пункттун ишин жакшыртуу,элге асылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
7.Малдын так санын аныктап,воксина менен камсыз кылуу,малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу,малдарды идентификациядан өткөрүү
8.Боз-Караган айылындагы Шилбилүү,Шамеке участкаларындагы селканаларды тазалоону уюштуруу.
9.Турак жайларды камсыздандыруу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана турак жай ларды камсыздандыруу.
10.Кооптуу жайларда жашаган калкты коопсуз жайларга көчүрүп чыгуу.
Жогорудагы көрсөтүлгөн иштер жыл ичинде аткарууга аракет кылам деп сиздерди ишендирип кетемин.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.