КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коӊур-Дөбө айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз XVII отуруму
2018-жылдын 13-февралы № 17/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кытай-Дөбө участкасынан Күңгөй каналдын жогору чыгыш тарабынан 1 га жерди көрктөндүрүү үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3 бөлүмүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кытай-Дөбө участкасынан Күңгөй каналдын жогору чыгыш тарабынан айыл өкмөтүнө, 1 га жерди көрктөндүрүү үчүн жер
бөлүнүп берилсин.
2. Көрктөндүрүүгө берилген 1 га жердин айланасын тосуу үчүн 150,0 миң сомду бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы жол Асановга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |